Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

Киев жикчилдер көзөмөлдөгөн аймак менен жүк каттамдарын токтотту


Украин активисттеринин темир жол боюндагы лагери, 20-февраль, 2017-жыл.
Украин активисттеринин темир жол боюндагы лагери, 20-февраль, 2017-жыл.

Украин бийликтери президент Петро Порошенконун сунушуна ылайык, мына ушундай чечим кабыл алганын Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчинов 15-мартта жарыялады.

Мунун алдында украин өкмөтү өлкөнүн орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн чыгыш аймактары менен соода жүгүртүүгө каршы украиналыктардын темир жана кара жолдорду блокадалоосун токтотуу аракетин көргөн эле.

Эки күн мурда коопсуздук күчтөрү алардын темир жол боюндагы лагерин бузуп, 40тай активистти кармаган болчу.

Эми президент Петро Порошенконун айтымында, жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк жана Луганск облустарына гуманитардык жүк гана койо берилмекчи.

Украинанын Коопсуздук жана коргонуу кеңеши өз маалыматында белгилегендей, жүк каттамдары Москва колдогон жикчилер Донбастагы ишканаларды көзөмөлдөөдөн баш тартканга жана 2015-жылкы Минск келишимин аткарганга чейин токтотулат.

Орусиячыл жикчилер боюнча өз кезегинде ишканаларды сооданын блокадаланышына жооп иретинде ээлөөгө умтулушкан. Украинанын ири өнөр жай ишканаларынын көбү өлкөнүн чыгышында жайгашкан.(UE)

XS
SM
MD
LG