Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Парламент аңчылыкка тыюу салган мыйзам долбоорун карайт


Мыйзамсыз аңчылык кылгандар.
Мыйзамсыз аңчылык кылгандар.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Кыргызстанда жапайы жаныбарларга жана кайберендерге аңчылык кылууга тыюу салган мыйзам долбоору каралат. Демилгечи депутаттар жапайы жаныбарларды сактап калуу, көбөйтүү максатында 2025-жылга чейин аңчылыкка тыюу салууну сунушташууда. Мыйзам бардык жапайы жаныбарларды атууга тыюу салбайт, анда тоо эчкилерин, аркар-кулжаларды жана маралдарды атууга убактылуу мораторий киргизүү тууралуу айтылат.

Кыргызстанда аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору өткөн жумада парламенттин талкуусуна коюлуп, талаш-тартыш жараткан. Мыйзамдын кабыл алынуусуна өкмөт жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги менен парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология комитети каршы чыккан. Алар бул мыйзам кабыл алынса, мамлекеттик бюджет аңчылыкка берилүүчү лицензиядан түшүүчү акчадан кур жалак каларын белгилешүүдө.

Буга чейин интернетте айрым чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандагы мергенчилигинен селфи сүрөттөрүн "Кыргызстанга аңчылыкка келгиле, бул жакта аңчылык кылуу арзан жана оңой. Ага керек болсо айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлери көмөктөшөт", деген сөздөр менен коштоп, жарыялаган учурлар болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG