Майлуу-Суу шаарынын четиндеги тогуз үй-бүлө жер көчкү коркунучуна байланыштуу убактылуу туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кооптуу кырдаал жаралган жерде адистер иштеп жатышат.
Министрликтин 15-марттагы маалыматы боюнча, шаардын Сары-Бээ аймактык башкармалыгында жер жылып, бир жарым метрдей тереңдикке көчкөн.
Майлы-Суу шарында уран калдыктары 23 жерге көмүлгөн. Экологдор жер көчкүдөн уран калдыктары ачылып, жергиликтүү тургундардын саламаттыгына зыян тийгизерин айтып келишет. (SE)