Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Украина Орусиянын беш банкына санкция жарыялады


Президент Петр Порошенко Украинада иштеген Орусиянын беш банкына санкция жарыялады.

16-мартта президенттин сайтында жарыяланган санкция тизмесине Сбербанк, VS Bank, Проминвестбанк, ВТБ жана БМ банк бар. Бул банктарга бир жылдык санкция киргизүү 15-мартта Коргоо жана коопсуздук кеңешинин жыйынында сунушталган.

Украина жарыялаган санкциялар өнөктөш өлкөлөргө кабарланып, алар тарабынан да ушундай санкция жарыялоо сунушталды.

Санкция Украинада орус банктарына каршы акциялардан киийн кабыл алынды. 18-февралда президент Владимир Путин ДНР жана ЛНРдин документтерин таануу жөнүндө чечим чыгарган. Сбербанк ал документтерди таанырын билдиргенден кийин ага каршы нааразылык акциялары башталган. Бирок банк кийинчерээк жикчил региондор берген документтерди таануу сөзүнөн баш тарткан. (AiT)

XS
SM
MD
LG