Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Бүгүн Аксы окуясына 15 жыл толду


Боспиектеги эстелик.
Боспиектеги эстелик.

Буга байланыштуу бүгүн БЭК саясий партиясы жана "Эл үнү" кыймылы Аксы районунда эскерүү иш-чарасын уюштурууда. Жыйын “Аксы окуясына 15 жыл... Бийлик сабак алдыбы?” деген темада өтөт. Бул тууралуу БЭК партиясынын төрагасы Руслан Бекназаров "Азаттыкка" билдирди:

- Эскерүү иш-чарасына мамлекет башчыдан тартып, бардык бийлик өкүлдөрү, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, коомдук-саясий ишмерлер жана жаш саясатчылар чакырылган. Анткени, Аксы окуясы Кыргызстан эгемендик алгандан берки убактагы алгачкы саясий маанилүү окуя.

2002-жылы 17-мартта Аксыда кыргыз жеринин бүтүндүгү, акыйкаттык үчүн, үй-бүлөлүк, тоталитардык башкарууга каршы жөө жүрүшкө чыгышкан элге бийлик ок атып, алты киши курман болгон.

Аксы окуясын эскерүүгө Бишкектен "Сөз эркиндигин коргоо комитетинен" өкүлдөр, ЖК айрым депутаттары, Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү катышары кабарланууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG