Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга материалдык жардам берилет.
Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, окуяда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан 33 адамга 40 миң сомдон бөлүндү.
2002-жылы 17-мартта Аксы районунда кыргыз жеринин бүтүндүгү, акыйкаттык үчүн, үй-бүлөлүк, тоталитардык башкарууга каршы жөө жүрүшкө чыгышкан элге Боспиек айылында бийлик ок атып, алты киши каза тапкан. (NT)