Аларга Гильмендеги аскер базасында ооганстандык жоокер ок ачкан. Ок чыгарган аскер өлтүрүлгөнү, ал эми жаракат алган жоокерлерге медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын НАТОнун өкүлдөрү Твиттерге жазды.
Мындай окуя быйыл алгачкы жолу катталууда. Өткөн жылдын октябрынан бери Ооганстанда ондон ашуун америкалык аскер набыт болгон, бешөө туткунда.
Учурда Ооганстанда антитеррордук альянстын 13 миң аскери бар. Алар улуттук армияны жана полицияны окутуп, талиптер менен күрөшүүдө көмөктөшүп келишет.