Линктер

жекшемби, 22-апрель, 2018 Бишкек убактысы 16:30

15 жыл мурда абактан качып кеткен 53 жаштагы Анатолий Федоров "Манас" аэропортунан кармалды. Учурда ал соттун чечимин күтүп тергөө абагында жатканын бүгүн "Азаттык" радиосуна Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, оор кылмыш жасаганы үчүн 16 жылга соттолгон кыргыз жараны Федоров 2001-жылы Молдовановка айылындагы колониядан жердин астын казып, сыртка жашыруун жол чыгарып, качкан.

Көп өтпөй ал Орусиянын аймагында каракчылык кылганы үчүн колго түшүп, 15 жылга кесилген. Бул жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин ал Кыргызстанга кайтууну чечкен.

10-мартта Бишкектин Свердлов райондук соту аны 1-тергөө абагына убактылуу камоо чечимин кабыл алган. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG