Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:55

Кочкордун Семиз-Бел айылында мугалимдер иш таштады


Семиз-Бел айылы. Мугалимдер пикетте. 20-март, 2017

Нарындын Кочкор районундагы Семиз-Бел айылында мектеп мугалимдери иш ташташты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна акциянын уюштуруучуларынын бири, математика мугалими Темирбек Эсеналиев билдирди.

Алар ай сайын айлыкка кошулуп берилчү 20% кошумча акчанын алып салынышына нааразы болушту. Бүгүнкү нааразылыкка мектептеги 40 мугалимдин 35и катышты. Калган бешөө чарбалык иштер менен алектеништи.

Мектеп жамааты иш таштоо тууралуу бир жума мурун эскертишкен.

Маалыматка караганда, былтыр ноябрда райондук билим берүү башкармалыгынан аларга "маянага ай сайын кошулуучу акча мындан ары төлөнбөйт" деген билдирүү келген. Бир жарым коефициент менен 20% кошумча буга чейин “бийик тоолуу аймак, шарты катаал” деген негизде төлөнүп жүргөн эле.

Билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башкы адиси Салмоорбек Асанов жогорудагы төлөм тийиштүү эрежелерди бузуу менен берилип жүргөнүн айтты:

- Бир жарым коефициент менен берилип жаткан төлөм 1800 метр бийикте жайгашкан жердеги мектептерге төлөнөт. Ал эми бул мектептики 1790 метр болуп жатат. Маселени мыйзам негизинде гана чечүүгө болот.

Ушундай эле нааразылык менен Кочкордун Арсы айылындагы мектепте да нааразылыктар бар. (SE\RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG