Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:56

Орусия аннексиялаган Крымда "Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен кызматташкан журналист, "Крым.Реалии" долбоорунун авторлорунун бири Микола Семенанын соту башталууда. Жарым аралды Украинага кайтарууну жактаган журналист Орусия Федерациясынын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырган деп айыпталууда. Прокуратура Семена жарым аралдын украин тараптан блокадасы жөнүндөгү макалаларында Орусиянын мыйзамдарын бузган деп ырастоодо.

ФСБдеги суракта Семена өз материалдарында “ой-пикирлерин эркин билдирүү укугунан” пайдаланганын айтып келди. Журналистке каршы иш өткөн жылдын жазында козголуп, ага Крымдан кетүүгө тыюу салынган.

АКШ, Евробиримдик, эл аралык укук коргоочу уюмдар Семенаны куугунтуктоону токтотууга үндөшүүдө.

Өткөн аптада Европарламент Москваны камактагы же эркиндиктери чектелген 30дан көп украин жарандарын бошотууга чакырган резолюцияны кабыл алган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG