Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:11

Британиянын Европа биримдигинен чыгуу жараяны расмий түрдө 29-мартта башталат. Дал ошол күнү премьер-министр Тереза Мей шаркет жетекчилигине кат жолдоп, Британия Лиссабон келишиминин 50-беренесинен пайдаланып, биримдиктен чыгарын расмий маалымдат.

Премьердин басма сөз катчысы дүйшөмбү күнү билдиргендей, Мей Еврокеңештин төрагасы Дональд Тускка расмий кайрылуу 29-мартта жөнөтүлөт. Буга чейин Британия парламенти атайын мыйзам кабыл алып, министрлер кабинетине "Брекзитти" баштоо процедурасына жол ачкан. Расмий каттан кийин чыгуунун шарттарын тараптар эки жыл бою макулдашмакчы. Биримдик лидерлери майдын башына чейин бирдиктүү позициясын аныктап, атайын өкүл Мишел Барнье Лондон менен сүйлөшүүлөрдү баштайт деп күтүлүүдө.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG