Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:57

Кыргызстандык ютубер Курман Жолдошев Youtube хостингинин «Алтын баскыч» сыйлыгын алды. Бул сыйлык кыргызстандык блогерлер арасында алгач ирет колго киритилди.

Маалыматты Жолдошев 20-мартта билдирди. Ал буга чейин Youtube хостингиндеги жеке каналынын ийгиликтери үчүн эки ирет «Күмүш баскыч» сыйлыгын алган.

Youtube компаниясы хостингдеги блогерлерди кызыктыруу үчүн күмүш, алтын, бриллиант жана рубин баскычтарын ийгиликтүү ютуберлерге ыйгарат.

Курманбек Жолдошевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, ал үчүн Youtube каналында тиешелүү өлчөмдө аудитория топтоо зарыл:

- Баракчасына жүз миң көрүүчү катталса, күмүш баскыч берилет. Миллион көрүүчү катталса, "алтын баскыч", он миллион көрүүчү топтой алса "бриллиант баскыч" ыйгарылат. Элүү миллион көрүүчү баракчасына катталган автор "рубин баскычын" алат. Мында каналдардын иши, авторлук укуктун сакталуусу, видеолордун сапаты толугу менен Youtube каналынын комиссиясынын кылдат текшерүүсүнөн өтөт.

35 жаштагы кыргызстандык Курманбек Жолдошев бир канча жылдан бери Youtube аркылуу интернет-бизнес менен алектенет. Youtube каналында кантип акча табуу боюнча жаштарга бир канча тренингдерди өткөргөн.​

Азырынча дүйнө жүзүндө Youtube каналынын рубин баскычына ээ болгон жалгыз гана ютубер бар. Швециялык видеблогер, ютубда PewDiePie деген ат менен таанымал Феликс Чельберг аны 2015-жылы, август айында колго кириткен. (ZKo)

Ийгиликке жетишкен кыргыз ютубери менен маекти бул жерден угуңуз:

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG