Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин кыргызстандыктарга жолдогон куттуктоосунда айтылат. Анда эл Ноорузду дайыма чоң үмүт, жакшы тилек менен тосуп, жаздын, эмгектин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары майрамдашары жазылган.
- Дүйнөлүк экономикалык жана финансылык каатчылыктын тескери таасирине карабастан, 2013-2016-жылдары Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшү орточо 5,4 пайызды түзүп, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң алдыңкы орунга чыктык. Өлкөбүз энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Алдыда президенттик шайлоо турат. Элибиздин, жерибиздин тагдыры, келечеги чечиле турган күн келет. Мына ушундай жооптуу мезгилде Кыргызстандын элине ынтымак жана биримдик гана керек, - деп белгиленген.
Атамбаевдин куттуктоосун президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы иш-чарада окуп берди. (NT)