Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков "Супара" этнокомплексинде өтүп жаткан майрамдык салтанат учурунда "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Элге тынчтык, ынтымак, жакшы жашоо, өнүгүү каалайм. Эң башкы адилеттүүлүк. Жашоодо да, башкаруу да ким болбосун адилеттүүлүк болсун!, - деди Келдибеков.
2013-жылы Акматбековго "коррупция жана кызмат абалынан пайдаланган" деген айып менен кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура ал Салык кызматын жана парламентти жетектеген кезде кетирген кемчиликтери тергөөдө далилденгенин айтып, аны 10 жылга эркинен ажыратууну сураган. Мурдагы спикер өзүнө тагылган күнөөнү четке каккан.
Былтыр мартта сот козголгон кылмыш иши боюнча Келдибековду жарым-жартылай айыптуу деп таап, 10 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. (NT)