Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:31

"Сүмөлөк-2017" фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды


Нооруз майрамына карата бүгүн "Супара” этнокомплексинде уюштурулган "Сүмөлөк-2017" фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Жети адамдан турган комиссиянын чечими менен биринчи орунду Аксы району, экинчи орунду Ноокат районунан келген топ алды. Үчүнчү орун Өзбекстандан көчүп келген кайрылмандар тобуна тийди. Комиссия мүчөсү, жарандык активист Рита Карасартова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, мыкты сүмөлөк бышыргандарга кызыктыруучу сыйлыктар берилип, бардык катышуучуларга, мыкты дасторкон жасагандардын баарына акчалай сыйлык тапшырылды:

- Мен мындай сүмөлөк жеген эмесмин. Биринен өтүп экинчиси даамдуу. Алардын ичинен жеңүүчүнү тандоо аябай оор болду.

Иш-чараны "Кыргыз тилектештиги" коомдук бирикмеси уюштуруп, 41 кой союлуп, 41 казанга сүмөлөк кайнатылган. Ага кырк уруудан өкүлдөр, Тажикстандан, Өзбекстандан этникалык кыргыздар, Казакстандан коноктор чакырылды.

Уюуштуруучулардын билдиришинче, бүгүн төрт миң литр сүмөлөк, миң килограмм эт элге таратылды.

Сүмөлөк кайнатуу салтанатын оюн-зооктор, улуттук оюндар коштоп, улуттук тамак-аштар даярдалды. Сүмөлөк майрамы Бишкекте былтыр да уюштурулуп, 11 казанда бышырылган. (NT)

XS
SM
MD
LG