Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Активисттер "Азаттык" форумун өткөрүшөт


Иллюстрация
Иллюстрация

Форумду "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюму менен «Конституциялык кенешме» кыймылы уюштурууда. 23-мартта Бишкекте белгиленген иш-чарада Кыргызстандагы саясий абал жана сөз эркиндиги талкууланат.

- Акыркы күндөрдө өлкөдө сөз эркиндигинин кескин чектелишине күбө болуп жатабыз. Жарандардын эркин жана тынч жыйынга чогулуу укугу басмырланып жатат. Эркин басылмалардын ээлери менен журналисттердин кесиптик ишмердигин жүргүзүү укуктары бузулууда. Укук коргоо органдары мыйзамга кызмат кылбай, бийликтин саясий каршылаштарын куугунтуктоо жана жазалоо куралы болуп калды. Бүгүн мындай абалды өзгөртүүнүн чараларын талкуулоо үчүн өлкөнүн бардык көңүлкош эмес жарандары бириге турган мезгил келди, - деп айтылат аталган уюмдардын кайрылуусунда.

Башкы прокуратура "Азаттык" радиосу менен "Заноза" басылмасын "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамлекет башчынын дарегине айткан сөздөрүн жарыялаганы үчүн "президенттин аброюна шек келтирди" деген негизде марттын башында сотко берген.

18-мартта Бишкекте саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон тынчтык жүрүштө активисттер Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Расул Умбеталиев, Азамат Аттокуров жана Мухит аттуу жаран кармалган. Свердлов райондук ички иштер бөлүмү аларга Административдик кодекстин үч беренеси - “жол тосуу”, “бейбаштык”, “милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбагандыгы” боюнча айып тагып, беш күнгө камалган. (NT)

XS
SM
MD
LG