Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Француз министри кыздарын ишке алганы үчүн кызматтан кетти


Брюно Ле Ру
Брюно Ле Ру

Франциянын ички иштер министри Брюно Ле Ру өз кыздарын ишке орноштурганы үчүн кызматтан кетүү арызын жазды. Саясий жаңжалга эки күн мурда TMC телеканалы жарыялаган маалыматтар шыкак берди.

Телеканал кабарлагандай, Ле Ру депутат кезинде 2009-2016-жылдар аралыгында 15 жана 16 жаштагы эки кызын парламенттик жардамчы кызматына орноштурган. Жайкы каникул маалында иштеген кыздар баш-аягы 55 миң евро айлык алышкан. Министр кыздары парламентте мыйзам чегинде иштегенин айтууда.

“Булар менин министрлик кызматыма байланышы жок болсо да, чаташкан маалыматтарга негизделген бул талаш өкмөттүн ишине кедергисин тийгизишин каалабайм”,-деди Брюно Ле Ру.

1997-жылдан бери депутат болуп иштеген Ле Ру министрлик кызматта үч жарым ай гана отурду. Ал президент Франсуа Олланддын ишенимдүү адамдарынын бири деп мүнөздөлүп келген. Ле Рунун ордун мурдагы туризм министри Маттиас Фекль басты.

XS
SM
MD
LG