Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:26

Аскар Акаев Кыргызстандын келечегине арнап китеп чыгарды


Аскар Акаев

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев жана кызы Бермет Акаева “Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясы” аталышында китепти чыгарышты. Бул тууралуу Акаевдин расмий сайтында жарыяланды.

Маалым болгондой китепте окурмандар, Кыргызстандын болочок президентинин 2030-жылга чейинки иш билгиси, келечек стратегиясы, өнөр-жай революциясы, кирешелүү экономика сыяктуу түркүн суроолорго жооп ала алат.

Бул китеп Кыргызстандын болочок лидерине жана жаштарына багытталган. Аскар Акаевдин сайтында жазылгандай, жакында китепти сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт жана авторлор кыргызстандыктарга китепти окуп чыгууну сунуштоодо. (SDz)

Пикирлерди көрүңүз (18)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG