“Роснефть” компаниясына киргизилген Еврошаркеттин санкциясы мыйзамдуу. Мындай чечимди Евробиримдиктин Жогорку Соту чыгарды.
28-мартта тараткан билдирүүсүндө сот “Украинадагы кризиске жооп катары айрым орус компанияларына, анын ичинде “Роснефтке” киргизилген чектөө чаралары мыйзамдуу” деп жазылган.
Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган соң 2014-жылдын июль айында киргизген. Кийинчерээк Украина чыгышындагы кагылышууларга Москва аралашканы үчүн санкция киргизген ишканалардын тизмесин кеңейткен.
«Роснефть» бул чечимге нааразы экенин билдирди. Орусиядагы ири мунай ишканасынын адвокаты Лоде ван ден Хенде бул чечимди “Евробиримдиктин сотунун чабалдыгы” деп атады.
«Роснефтти» Орусия президентинин жакын санаалашы Игорь Сечин жетектейт.