Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Футбол: Кыргызстан Макаону утуп алды

2019-жылы боло турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курма командасы макаолук атаандаштарын 1:0 эсебинде жеңип алды. Оюн 28-мартта кечинде Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп өттү. Кыргызстандын эсебине таандык жалгыз голду 71-мүнөттө коргоочу Азамат Байматов киргизди.

Кыргызстандын улуттук командасынын курамы:

Кыргыз футболчулары ак түстөгү, дарбазачы болсо кызгылт форма менен ойнойт. Макао оюнчулары жашыл кийимчен, дарбазачысы сары кийимчен оюнга чыкты.

Дарбазачылар: Матяш Павел («Мазия», Мальдив), Кашуба Валерий («Дордой»), Калыс Акималиев («Абдыш-Ата»);

Коргоочулар: Валерий Кичин («Енисей», Орусия), Виктор Майер («Эммен», Голландия), Ильяз Алимов («Алай»), Данила Сокирченко, Аманбек Маныбеков, Владимир Казакбаев (бардыгы«Абдыш-Ата»), Азамат Байматов («Аль-Риффа», Бахрейн), Дэниэл Тэго («Дордой»);

Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков («Егирдиспор», Түркия), Фархат Мусабеков («Алмалык», Өзбекстан), Эдгар Бернхардт («Роденхаузен», Германия), Авазбек Откеев, Павел Сидоренко, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу (бардыгы «Дордой»), Ахлидин Исраилов («Днепр», Украина), Муролим Ахмедов («Алай»), Антон Землянухин («Сукхотай», Таиланд);

Чабуулчулар: Виталий Люкс («Унтерхахинг», Германия), Мирлан Мурзаев («Ушакспор», Түркия).

Бул беттешке даярдык көрүү үчүн 23 футболчудан турган Кыргызстандын улуттук курама командасы 18-марттан 26-мартка чейин Түркиянын Анталия шаарында машыгып келди. Бир күн мурда өткөн маалымат жыйынында башкы машыктыруучу Александр Крестинин оюнчулардын даярдыгы мыкты деп билдирди:

- Футболдо жарым жылга жакын тыныгуу болду. Ошондуктан бардыгы футболду сагынып калышты жана жакшы оюнду көрсөткөнгө даяр. Командабызда болууну каалаган оюнчулардын бардыгы катарда,- деди Крестинин.

Макаонун футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Жозеф Там Иао Сан жеңишке жетүү үчүн бүткүл күч- аракетин жумшай турганын айтты:

- Азия кубогуна тандоо оюндары биздин команда үчүн эң маанилүү. Ага кошумча бул биринчи оюн жана негизгилердин бири. Даярдык жакшы деңгээлде өттү. ФИФА рейтингинде биз Кыргыз Республикасынын курама командасына салыштырмалуу төмөнкү катардабыз. Бирок ал көрсөткүч бизге жолтоо болбойт деп ишенем. Бардыгын оюн көрсөтөт. Бул квалификация биз үчүн чакырык. Ар бир оюнда колдон келген аракетибизди жасайбыз,- деди Жозеф Там Иао Сан.

Мелдешке сириялык рефери Масуд Туфаели башкы калыстык кылат. Ага Мазен Зазфон жана Хусам Алхамад Алфри жардамдашат.

ФИФАнын март айында жарыяланган рейтингинде Кыргызстан 125, Макао 184-катарда.

Азия кубогуна тандоо оюндарынын үчүнчү айлампасында Кыргызстан "А" тобунда Макао, Индия жана Мьянма курамалары менен мөрөй талашат.

Бул мелдештер ушул жылдын 28-мартында башталып, 2018-жылдын 27-мартында аяктайт. Жалпысынан ар бир команда алтыдан оюн өткөрөт. Тандоо оюндарынын жеңүүчүлөрү 2019-жылга белгиленген финалдык беттешке жолдомо алышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG