Орусиянын Муфтийлер кеңешинин төрагасы шейх Равил Гайнутдин бүгүн, 31-мартта Кыргызстанга келет.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашкандай, ал 1-апрелде Бишкекте жаңы курулган заманбап "Махмуд ал-Кашгари" мечитинин ачылышына катышат.
Андан тышкары, Гайнутдиновдун сапарында Кыргызстан менен Орусиянын дин башкармалыктарынын өз ара кызматташуусу талкууланат.
1-апрелде эки тараптуу алака-катыш боюнча маалымат жыйын уюштурулат. (NT)