Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:12

Украина президенти Петро Порошенко 1-апрелден тарта ок атууларды токтотуу, чыр болуп жаткан аймактардан курал-жарактарды чыгарууну аскердик жетекчилерге тапшырды.

Ал мындай билдирүүнү Мальтада Еврокомиссия төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолуккан маалда жасады.

Порошенко 29-мартта Минскиде түзүлгөн келишимдердин орусиячыл жикчилдер тарабынан аткарылышына анчейин ишенбей турганын айтты.

ТАСС агенттигинин маалыматы боюнча, Луганск облусундагы согушкерлердин өкүлү козголоңчулар “ар дайым элдешүүгө” даяр экенин билдирген.

Брюсселдеги Орусия-НАТО кеңешинин сүйлөшүүсүндө альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Москваны жикчилдердин тынчтык жараянын колдорун, оор согуштук техникаларды чыгарышын көзөмөлдөөгө, ЕККУнун байкоочуларынын конфликт аймагына баруусун камсыздоого чакырган.

XS
SM
MD
LG