Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

АКШ Сенатында Орусиянын шайлоого кийлигишүүсү боюнча угуу өттү


АКШ Сенатынын чалгындоо комитетинин төрага орун басары Марк Уорнер Орусия бийлигин өткөн жылдагы америкалык шайлоонун жүрүшүнө кийлигишкен деп айыптады.

Бул тууралуу сенатор 30-мартта Орусиянын шайлоого кийлигишүү ыктымалдыгы жана Дональд Трамптын Москва менен болгон байланышы боюнча маалыматтарды угуу учурунда билдирди.

Чалгындоо комитетинин башчысы Ричард Баррдын айтымында, киберчабуулдар тууралуу миңден ашык документ алынган. Аларды иликтеп чыгуу үчүн дагы бир нече жума керек.

6-январда АКШнын чалгындоо кызматы Орусия президенти Владимир Путин Дональд Трампка жардам берүү жана АКШдагы президенттик шайлоого таасир этүү үчүн хакердик кампания жүргүзүүгө буйрук бергендигин билдирген. Кремл киберчабуулдарга тиешеси бардыгын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG