Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

КСДП пенсиялык реформаны сунуштады


Кыргызстан социал-демократтар фракциясы өз жыйынында пенсия системасын жакшыртуу маселелерин талкуулап жатат. Депутат Аалы Карашевдин айтуусунда, жарандар өмүр бою иштеп, пенсияга чыгуу мөөнөтү келгенде документтерди чогултуп, аны өткөрүү түйшүгүнө кабылышат. Мындан улам, пенсиялык реформанын алкагында депутат жарандардын пенсияга чыгуу алдында документ топтоону Социалдык фонддун өзүнө жүктөө сунушун берди.

- Документти Соцфонд өзү чогулткудай система киргизүү керек. Жарандар көрүнгөн эшикти сагалабай, үйүндө жатып, пенсиялык мөөнөттү күтө тургандай кылуу зарыл.

Социалдык фонддун төрагасы Тенизбек Абжапаров жылына 44 миң чейин жаран пенсияга чыгарын айтып, келечекте документтерди Соцфонд өзү чогулткудай системаны киргизсе болорун кошумчалады.

Кыргызстанда эң аз пенсиянын көлөмү 1500 сом болсо, жогорку чеги 100 миң сомго чейин жетет. (SDz)

XS
SM
MD
LG