Линктер

жума, 20-апрель, 2018 Бишкек убактысы 16:22

Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турган Садыр Жапаров бүгүн таңга жуук 47-абактын санитардык бөлүмүнө жеткирилген. Бул тууралуу анын жубайы Айгүл Жапарова "Азаттык" үналгысына маалымдады:​

- 2-апрелде саат төрттө "Тез жардам" менен алып келишиптир. Мойну жана колу кесилиптир деп уктук. Башка эч кандай маалыматыбыз жок. Мени жолуктурбай жатышат. Адвокатты да таңдан бери киргизбей жатып, азыр эле киргизди.

Бул маалыматты укук коргоочу Азиза Абдирасулова да ырастады.

​Жаза аткаруу кызматы учурда Жапаровдун абалы канааттандырарлык экенин билдирүүдө. Алардын маалыматы боюнча, бүгүн таңга жуук №1 тергөө абагына дарыгерлер чакырылган. Алар Жапаровдун мойнунда жана колунда кесилген жаракат бар экенин аныктап, №47 колониядагы санитардык бөлүккө алып келишкен. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф "Азаттык" радиосуна билдирди:​

- Саат жетиде Жапаровду №47 колониянын медициналык мекемесине алып келишкен. Анын мойнундагы, колундагы жарааттары тигилген. Учурда ал ошол жакта, өзүнчө палатага жайгаштырылды. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык, кан басымы калыбында деп белгилешти.

Александр Никсдорфтун маалыматы боюнча, Садыр Жапаровго Атайын прокуратуранын, Акыйкатчынын өкүлдөрү жана адвокаты кирип, жолугуп чыккан:

- Жапаров аларга кан тамырын өзү кесип алганын айтып, №1 тергөө абагынын кызматкерлерине жана камерада чогуу отурган кишилерге, 47-колониянын кызматкерлерине доосу жок экенин билдирди. Ал бир гана нерсени: камакта отурган туугандарын бошотууну суранды.

Бирок экс-депутаттын жакындары ал өзү кан тамырын кесүүгө барганына ишенбей жатышкандыктарын айтышууда. Жапаровдун туугандары жана адвокаттары окуянын иликтенүүсүн талап кылып, прокуратурага, Акыйкатчыга жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго кайрылышарын маалымдашты.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттык" үналгысына бүгүн эч кандай маалымат берилбесин билдирди:​

- Бүгүн эч кандай маалымат берилбейт. Маалыматтарды Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан алсаңар болот.

Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү Кыргызстанга келгенде, кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Атайын кызмат тергөө 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевди күчтөп машинеге салып, барымтага алганын аныктаганын, мунун негизинде Жапаровго "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгонун жарыялаган.​

Алгач УКМКнын тергөө абагына камалган Садыр Жапаровду Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганча Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG