Линктер

шейшемби, 20-февраль, 2018 Бишкек убактысы 00:12

Президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Көк бөрү федерациясынын жаңы жетекчиси болуп калды. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Кабарларга Караганда федерация башчысын шайлоо 1-апрелде болгон. Ага эки талапкер - Икрамжан Илмиянов менен Бактыбек Райымкулов катышкан. Натыйжада Илмиянов шайланган.

Көк бөрү федерациясынын мурунку президенти Канатбек Исаев мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кетти. Федерация президентин шайлоо төрт жылда бир болот. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG