Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 00:04

Кыргызстандын аймактарын 2017-2020-жылдар аралыгында өнүктүрүү концепциясына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде кол койду.

Расмий маалыматка ылайык, Аймактык саясат концепциясы бекитилгенден кийин тандалган ар бир шаарга жана айылга өз-өзүнчө өнүктүрүү программасы жазылат. Бул багыттагы иштерди аткаруу өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү бийликтердин башчыларына жүктөлөт.

Концепцияда 20 шаар тандалып алынган. Алар: Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Сары-Таш, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен жана Кочкор-Ата. Андан тышкары, айрым айылдар да киргизилет.

Учурда Жалал-Абадда бул багыттагы иштер аяктап, ишке ашыруу алдында турат. Каракол жана Ош шаарларында даярдык иштери соңуна чыгып калды.

Долбоорду Экономика министрлиги даярдап, 22-февралда бет ачары болгон. Аны аткаруу боюнча иш-чаралардын планын өкмөт аппаратына 10-мартка чейин сунуштоо тапшырылган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG