Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Президент Атамбаев 25 жылга "жол карта" түзүүнү сунуштады


Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү өнүктүрүүнүн 25 жылдык "Жол картасын" түзүп коюуну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин бешинчи жыйналышында айтты.

- Эмнеге биз 2040-жылды тандадык? Анткени, 2040-жылы кыргыз эли убагында Шиберден Азияга чейин аймакты камтыган Улуу Кыргыз Каганатынын 1200 жылдыгы белгиленет. 2041-жылы эгемендүү Кыргыз мамлекетинин 50 жылдыгы белгиленет, - деди мамлекет башчы.

Атамбаев саясий оюндар жана айрым саясатчылар мамлекет тандап алган жолдон адаштыра албастыгын кошумчалады.

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 2013-жылы президенттин демилгеси менен түзүлгөн. Бул кеңеш сунуш берүүчү орган катары кызмат кылат. Ага премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңеш фракцияларынын лидерлери, министрлер кирет. (SE)

XS
SM
MD
LG