Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:04

ЕККУ Армениядагы парламенттик шайлоону сындады


Еревандагы добүш берүүчүлөр
Еревандагы добүш берүүчүлөр

Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы Армениядагы парламенттик шайлоону сынга алып, добуш сатып алуулар орун алганы тууралуу ишенимдүү маалыматтар бардыгын, добуш берүүчүлөргө кысым жасалганын билдирди.

Уюм 3-апрелдеги билдирүүсүндө мындай кийлигишүү элдин шайлоого болгон ишенимин азайтканын белгиледи. Эл аралык байкоочулардын айтымында, шайлоо өнөктүгү маалында мамлекеттик кызматкерлерден тарта жеке менчик компаниялардын жумушчуларына чейин басым жасалган. Бийлик өкүлдөрү байкоочулардын корутундусуна пикирин билдире элек.

Жекшембидеги шайлоонун алдын ала жыйынтыктары президент Серж Саргсяндын Республикачылар партиясы добуштардын 49,15 пайызын алганын көрсөтүүдө. Орусиячыл олигарх Гагик Царукяндун блогу добуштардын 27, "Армениянын революциялык федерациясы" 8 пайыздайына ээ болушту. Парламенттик шайлоого баш-аягы тогуз саясий альянс катышты.

2015-жылы жактырылган конституциялык өзгөртүүлөргө ылайык, Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейип, президенттик кызмат символикалык гана мааниге ээ болот. Бул өзгөртүүлөр президент Саргсяндын мөөнөтү аяктаганда 2018-жылы күчүнө кирет. Оппозиция өкүлдөрү президентти "бийликте калгысы келет" деп сындап келишет.

XS
SM
MD
LG