Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Өмүрканова: Жапаров колун жана мойнун өзү кескенин айтып берди


Жаза аткаруу кызматынын байкоочу кеңешинин төрайымы Чолпон Өмүрканованын билдиришинче, бул тууралуу Садыр Жапаров өзү айтып берген.

Өмүрканованын Фейсбуктагы баракчасына жазганына караганда, №1 тергөө абагында жаткан Жапаров 2-апрелде эртең менен дааратканага кирип, кан тамырын жана мойнун өзү кескен. Аны оор абалда №47 абактын санитардык бөлүмүнө жеткиришкен. Саясатчы үй-бүлөсүнө кайгырып жатканын айткан.

Учурда экс-депутаттын абалы канааттандырарлык экени кошумчалаган Өмүрканова дарыланып чыккандан соң аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Убактылуу кармоочу жайына которууну бийликке сунуштады.

Мурдараак Жаза аткаруу кызматынын маалымат кызматы да ушул сыяктуу комментарий берген.

Азырынча бул маалыматты башка көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн болгон жок.

Жапаровдун туугандары аны өз жанын кыюу аракетине ишенбей турганын белгилешүүдө. Бүгүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров да Садыр Жапаровдун окуясын Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп талкуулашы керектигин билдирип чыкты. Ушундай эле демилгени “Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы дагы көтөргөн.

Садыр Жапаров 25-мартта чет элден келген учурда колго түшкөн. Ал 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу митингдерде мыйзамсыз аракеттерди уюштурууга шектелип кармалган.

Жапаровду колдогон митингде кармалган 12 адам эки айга соттолгон. Анын ичинде Садыр Жапаровдун баласы жана агасы сыяктуу туугандары да бар. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG