Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 15:51

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аймактардагы өзгөчө кырдаалдар тууралуу алдын ала маалыматты билбейт деп облус жетекчилеринин ишин сынга алды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 3-апрель күнкү жыйында премьер облустагы өкүлдөрүн "маселени ыкчам чече албай жатасыңар" деп зекиди. Буга айрым райондордо каналдардын тазаланбай турушун, суу каптоолор болуп жатканын мисал келтирди.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик орган жетекчилерине жана облус башчыларына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча бардык чараларды көрүп, ар кандай абалга даяр болууну тапшырды.

Андан тышкары, көйгөйдү убагында чечүү үчүн жер-жерлерде ыкчам штаб түзүүнү буйруду.

Жаан-чачынга байланыштуу ушул күндөрү айрыкча, Жалал-Абад облусунда кооптуу кырдаал жаралган. (SE)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG