Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:15

Санкт-Петербург: жардыруудан мерт болгондордун саны 14кө жетти


Санкт-Петербург шаарындагы жардыруудан мерт болгондордун саны 14кө жетти. Бул тууралуу Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова 4-апрелде билдирди.

Анын айтымында, окуя болгон жерде өлгөн 11 адамдан башка эки адам ооруканада, бир адам тез жардам унаасында жан берген. Учурда 49 адам ооруканада жатат.

Дүйшөмбү күнү түш оой Санкт-Петербургдагы эки метро станциясынын ортосунда поезд вагону жарылган. Андан көп өтпөй дагы бир метро станциясында жарылбай калган бомба табылган.

Кыргыз атайын кызматтары шектүү адам Кыргызстанда туулганын, орус жарандыгын алганын тастыктады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG