Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:56

Франция Сириянын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Идлиб провинциясында химиялык курал колдонулду деген кабарлардан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чакырды.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы ырастагандай, 4-апрелде Идлибдин Хан Шейхун аймагында аба чабуулдарынан кеминде 58 адам мерт болду. Активисттер аба соккуларын Сирия өкмөтүнүн же Орусиянын учактары жасашы мүмкүндүгүн, чабуулдардан кийин ондогон адамдардын дем алуу органдары жабыркап, айрымдарынын оозунан көбүк чыкканын билдиришти.

Орусиянын Коргоо министрлиги Хан Шейхун аймагында эч кандай аба операцияларын өткөрбөгөнүн кабарлады. Сириянын президенти Башар Асаддын өкмөтү болсо химиялык курал боюнча айыптарды четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG