Кыргызстанда ушул күндөрү абанын табы төмөндөп, жаан-чачын көп болот. Чүй жана Талас өрөөндөрүндө -5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -2 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Мындай кырдаал бүчүр байлаган мөмө бактары үчүн кооптуу.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишинде жана жайыттарда мал кармоодо түйшүк жаратат. Тоолуу унаа жолдоруна муз тоңот жана кар көчкү коркунучу бар.
6-апрелде түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, кар жаайт. Чүй жана Талас облустарынын айрым жерлеринде катуу жаан-чачын болот. Күндүз Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында кар аралаш жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-3, күндүз +1...+6;
Талас жергесинде түнкүсүн -2...-4, күндүз 0...+5;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +7...+12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +3...+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз +3...+8;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...-6 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +3…+5 градус болот.