Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 17:03

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Сириядагы ыктымал химиялык чабуулдар боюнча резолюция долбоорун четке какты. Министрликтин басма сөз өкүлү Мария Захарова АКШ, Британия жана Франция даярдап чыккан документти "таптакыр кабыл алынгыс" жана "шашылыш даярдалган" деп мүнөздөдү.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириянын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Хан-Шейхун аймагында кеминде 72 адамдын өмүрүн алган аба соккуларын талкуулоодо.

Батыш өлкөлөрү бул аба чабуулдарында химиялык курал колдонду деп Сирия президенти Башар Асадды айыптап жатат. Орусиянын Коргоо министрлиги Сирия армиясынын соккулары көтөрүлүшчүлөрдүн химиялык куралдар сакталган кампасына тийгенин, андан чыккан газ жергиликтүү тургундарды ууландырганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG