Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:50

Депутат муфтияттын уставын көзөмөлгө алууну сунуштады


Кыргызстан мусулмандарынын алтынчы курултайынын катышуучулары. 4-апрель, Бишкек.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев муфтияттын жаңы уставын көзөмөлдөп коюуну тартип органдарына сунуштады. Бул маселени ал 6-апрелде баш прокурор Индира Жолдубаева 2016-жылда аткарылган иштер боюнча парламентте баяндама жасап жаткан учурда көтөрдү.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы уставына сунушталып жаткан өзгөрүүлөрдүн катарында мусулмандардын беделине шек келтиргендерди мыйзам чегинде жоопко тарттырууга аракет көрүү жобосу да бар.

- Бул жакта кылмыш-административдик жоопкерчилик жөнүндө сөз болууда. Бул мамлекеттик органдардын ыйгарым укугундагы иш. Муфтияттын уставын так карап коюңуздар. Муфтиятты сыйлайбыз, бирок алар мамлекеттин ишине аралашпашы керек,- деди Каныбек Иманалиев.

Жыйынга катышып жаткан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Рустам Мамасадыков бул суроого жооп берип, муфтият өз кызматкерлеринин моралдык жоопкерчилиги жөнүндө гана уставга өзгөртүү киргизип жатканын, журналисттер аны бурмалап жарыялаганын айтты.

Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Ислам университетинин ректору Марс Ибраев 5-апрелде бул жаатта "Азаттык" радиосуна комментарий берип, уставда мусулмандардын ишенимине шек келтиргендерди, бул багытта жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу материалдарды жарыялагандарды мыйзам чегинде жоопко тарттыруу маселеси жазылганын билдирген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG