Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:03

5-апрелде Ош жана Жалал-Абад облустарынын бир канча жеринде жер көчтү. Адам өмүрүнө зыян келген жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абал кооптуу экенин айтып, көчкү коркунучу бар аймактагыларды тынч жерлерге чыгып турууну суранат.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Өзгөндөгү Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунда, Сузактын Акчалуу, Үч-Чат, Күчөгөн, Кыргыз-Калаа айылдарында, Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ конушунда, Майлуу-Суу-Бедресай жолунда, Аксынын Жолборсту айылында көчкү жүрдү. Топурак жолду бууп, каналардын нугун тосуп калган учурлар болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тазалоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кыргызстанда ушул күндөрү жаан-чачын көп болгондуктан, көчкү коркунучу жогору экени эскертилген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG