Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Баш прокурор Zanoza.kg менен Айыпты дагы сотко бергени кабарланды


Башкы прокурор Индира Жолдубаева Zanoza.kg сайтына жана журналист Нарын Айыпка каршы дагы бир доо арыз жазганы тууралуу кабар тарады. Бул маалыматты Нарын Айып "Азаттык" радиосуна бышыктап, арыз 31-мартта жазылганын белгиледи:

- Доо арызды Индира Жолдубаева өзү бериптир. "Президенттин ар-намысына шек келтирилген" деп мага үч миллион, сайтка үч миллион (сом-ред.) айыппул салуу суралыптыр. Мен доо арызды 6-апрелде барып Октябрь райондук сотунан расмий түрдө колума алдым.

Нарын Айыптын айтымында, доо арыз журналисттин марттын башында жарык көргөн эки макаласы үчүн берилген.

Башкы прокуратура бир ай ичинде Zanoza.kg сайтына жана журналист Нарын Айыпка каршы төртүнчү ирет доо арыз жазды. Басылмага жана журналистке жалпысынан 18 млн сомдук доо коюлду.

Башкы көзөмөл органы муну расмий бышыктай элек. Мекеменин басма сөз кызматы дүйшөмбү күнү комментарий берилерин билдирүүдө.

6-апрелде Бишкек шаардык соту "Азаттык медиа" мекемесине ("Азаттык" радиосу) коюлган 10 миллион сом жана "ПроМедиа" коомдук фондуна тагылган (Zanoza.kg сайты) үч миллион сом доо арыз боюнча райондук соттун аныктамасын күчүндө калтырды. Аныктамага ылайык, эки басылманын банктагы доогер талап кылган каражаты камакка алынышы керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG