Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Назарбаев: Индия менен Пакистан ШКУга кабыл алынат


Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде Индия менен Пакистанды толук кандуу мүчө катары кабыл алуу пландалууда. Бул тууралуу казак президенти Нурсултан Назарбаев Астанда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчылары менен жолуккан учурда билдирди.

ШКУ 2001-жылы түзүлгөн. Анын мүчөлөрү – Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кытай жана Орусия. Дагы бир катар өлкөлөр, анын ичинде Индия, Пакистан жана Иран байкоочу макамга ээ. Астанадагы саммит 7-8-июнга белгиленген.

Мындан тышкары Назарбаев ШКУ эл аралык жана аймактык БУУ, ЖККУ сыяктуу уюмдар менен кызматташууну кеңейтиши керек экенин да белгилеген.

ШКУнун 2016-жылы Ташкентте өткөн саммитинде Орусия президенти Владимир Путин Индия менен Пакистанды келерки сапар уюмдун толук кандуу мүчөсү катары көрүүгө үмүт артарын айткан.

XS
SM
MD
LG