Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

"Ата-Бейитте" апрель окуясы эскерилүүдө


Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" комплексинде апрель окуясынын жети жылдыгы эскерилүүдө. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Эскерүүнүн башында 2010-жылкы ыңкылапта курман болгондордун мүрзөлөрүнө бийликтегилер гүлчамбар коюшту. Муфтий Максат ажы Токтомушев куран окуду.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабына бүгүн жети жыл толду.

Мамлекет башчы жана башка чиновниктер эскерүү жыйынында сөз сүйлөгөн жок. Атамбаевдин 7-апрелге карата элге кайрылуусун президенттик аппараттын басма сөз кызматы тараткан.

Бийлик башындагылар Ала-Тоо аянтындагы Апрель элдик революциясынын эстелигине да гүлчамбар коюшары кабарланган.

Түштөн кийин Ала-Тоо аянтында театралдаштырылган иш-чара болот. Ага шаар мэри Албек Ибраимов катышат. Соңунда концерт болуп, ал салют атуу менен аяктайт.

Апрель элдик революциясынын күнү Бишкек, Ош шаарларында жана бардык облустук, райондук борборлордо да белгиленет. Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

2010-жылы 7-апрелде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан эл аны бийликтен кууган. Куралсыз элге ок атылып, 87 киши набыт болгон. Жүздөн ашуун адам жараат алган. Президент үй-бүлөсү, жакындары менен чет элге качкан. Учурда Беларуста башпаанек тапкан.

7-апрель "мамлекеттик майрам жана иш күнү эмес" деп жарыяланган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG