Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Орусия: Сириянын абадан коргонуусу күчөтүлөт


Генерал Игорь Конашенков
Генерал Игорь Конашенков

Орусиянын Коргоо министрлиги АКШнын ракета соккуларынан кийин Сириянын абадан коргонуусу күчөтүлөрүн билдирди. Министрликтин басма сөз өкүлү генерал Игорь Конашенков Американын чабуулунун натыйжасы аз болгонун, 59 ракетанын 23ү гана аба базага тийгенин айтты.

7-апрель түнү Жер Ортолук деңизиндеги америкалык кемелерден жасалган ракета чабуулун Кремл "агрессия" деп мүнөздөп, мындай соккулар "Ислам мамлекети" сыяктуу согушкерлер тобуна пайда келтирерин кабарлады. Идлиб провинциясындагы соңку химиялык чабуулдар үчүн президент Башар Асадды күнөөлөгөн АКШнын соңку кадамын Австралия, Түркия, Жапония сыяктуу бир катар өлкөлөр кубаттап чыгышты.

Бул өлкөлөр 4-апрелде 80ден ашуун адамдын өмүрүн алган, химиялык чабуул деп мүнөздөлгөн аба соккуларын Сирия президенти Башар Асаддын күчтөрү жасады деп ишенет. Асаддын өкмөт өкүлдөрү химиялык курал колдонулбаганын айтса, Орусия мындай курал көтөрүлүшчүлөргө таандык деп билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG