Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

АКШ Чеченстанда cексуалдык азчылыктардын камалышын сындады


Марк Тонер.
Марк Тонер.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 7-апрелде чечен бийлигинин сексуалдык азчылыктарга карата аракеттерин кескин сындады.

«Чеченстандагы окуяларга тынчсыздануу менен көз салып турабыз. Сексуалдык ориентациясы үчүн кеминде 100 адамдын камакка алынганы боюнча ырасталган маалыматтар түшүүдө", - деп айтылат АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонердин билдирүүсүндө.

Мамлекеттик департаменттин колундагы маалыматтар боюнча, камакка алынгандардын көбү кыйноого алынып, айрымдары каза болуп калган.

- Биз адамдарды сексуалдык ориентация же башка негиздер менен куугунтуктоону чечкиндүү айыптайбыз, – деди Марк Тонер.

Анын айтымында, АКШ чечен бийлигинин ЛГБТ өкүлдөрүнө карата буга чейин болгон актыларды актаган билдирүүлөрүнө өтө кабатыр.

Орусия бийлигин буга каршы чыгууга, мыйзамсыз камалгандарды бошотууга, ЛГБТ өкүлдөрүн куугунуктоону калыс иликтөөгө жана күнөөлүүлөрдү жазага тартууга чакырды.

XS
SM
MD
LG