Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:39

Ничке-Сай айылынын Тилеке-Сарай участкасында 7-апрелде жер көчкү эки турак жайды басып калды. ӨКМ билдиргендей, көчкүдөн эч ким жабыркаган жок. Анын көлөмү болжол менен 120 000 метр кубду түздү.

Бул үйлөрдүн ээлерине 6-апрелде айыл өкмөт эскертүү берген. Алар керектүү курулуш материалдарын бузуп алып, туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

Мындан тышкары жер көчкү аталган участкадагы дагы бир үйгө 10 метр жетпей токтогон. Анын жашоочулары туугандарынын үйүндө жашап жатат.

26-марттын таңында Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчүп, алты адамдан турган бир үй-бүлөнү басып калган. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG