Республикалык ачык шахмат турнири 8-апрелде "Сейтек" мектебинде башталган.
Аны эл аралык "Сапат" билим берүү мекемеси Шахмат Федерациясынын колдоосу менен уюштурган.
Мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 6-14 жаштагы 260 окуучу катышууда.
Бүгүн жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылат. (NT)
Facebook шеринеси