"Москва-Брест" жүргүнчүлөр поезди менен электр поезди 8-апрелдин кечинде кагылышкан. Андан 50гө жакын адам жаракат алды.
Маалыматтарга караганда, электр поездинин машинисти аны чукул токтотуп, артынан келе жаткан поезд токтоого жетишпей сүзүп алган.
Натыйжада электр поездинин төрт вагону, жүргүнчү поездинин локомотив секциясы рельстен чыгып кеткен.
Орусия темир жол ишканасынын билдиришинче, 50гө чукул адам медициналык жардам сурап кайрылган.
Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков он эки адам ооруканага жаткырылганын, алтоосунун абалы оор экенин билдирди. Москва мэри Сергей Собянин он төрт киши ооруканада экенин айтты.
Жараат алгандардын кеминде төртөө поезддердин экипаж мүчөлөрү.
Беларус Тышкы иштер министрлиги темир жол кырсыгынан жабыркагандар арасында тогуз жараны бардыгын жарыялады.
Жүргүнчү поездинде жалпы 455 адам болгон.