Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:41

Элчилик: темир жол кырсыгында жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок


8-апрелдин кечинде "Москва-Брест" багытындагы жүргүнчүлөр поезди менен электр поезди кагылышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча Москвадагы темир жол кырсыгынан жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова "Азаттык" радиосуна билдирди.

8-апрелдин кечинде "Москва-Брест" багытындагы жүргүнчүлөр поезди менен электр поезди кагылышкан. Андан 50гө жакын адам жаракат алды. Жүргүнчү поездинде жалпы 455 адам болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG