Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:32

Египет: чиркөөдөгү дагы бир жардыруудан он бир адам каза тапты


Эки кол салууга жоопкерчиликти өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топ алды. 

Египеттин Александрия шаарындагы христиан коптторунун чиркөөсүндөгү жардыруудан он бир адам каза тапты. 20дан ашыгы жаракат алды.

Бүгүн, 9-апрелде Египеттин Танта шаарындагы копттор чиркөөсүндө да жардыруу болуп, 25 адам мерт кетип, 60тайы жабыркаган.

Эки кол салууга жоопкерчиликти өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топ алды.

Бүгүн христиандар пасха майрамынын алдындагы жекшембини белгилеп атышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG