Ички иштер министрлиги билдиргендей, Бишкек-Торугарт жолундагы беш адамдын өмүрү кыйылган жол кырсыгынын чоо-жайын Кемин райондук милициясы иликтеп жатат. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
Жол кырсыгы 8-апрелдин кечинде Кемин районунун Чымкоргон айылында, аталган жолдун 80-чакырымында болгон.
Үч жеңил машине кагылышып, эки автоунаа күйүп кеткен. ӨКМ кырсыктан кийин төрт адам Токмок шаардык ооруканасына жеткирилгенин кабарлаган.
Facebook шеринеси