Калифорния штатынын Сан-Бернардино шаарындагы башталгыч мектепке куралчан кол салуудан үч адам каза таап, дагы бири жараат алды.
Шаардын полиция башчысы Жаррод Бурган белгисиз адам 10-апрелде башталгыч мектептин классына кирип тапанчадан ок ачканын билдирди. Окуя болгон учурда класста 15 окуучу, эки мугалим болгон.
Мугалим, бир окуучу жана кол салган киши окуя болгон жерде каза тапкан. Дагы бир окуучу жараат алып, ооруканага жеткирилди.
"Кол салган адам мугалимдин күйөөсү болгон. Ал эки балага ок чыгаргандин кийин өзүн да атып салган" депи жазды Рейтер агенттиги.
2015-жылдын декабрында Сан-Бернардино шаарында түгөйлөр клубда ок атып, 14 адамдын өмүрү кыйылган. Алар өздөрүн "Ислам мамлекети" деп аталган террордук топко жан тартып келгени айтылган.