Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:41

Атамбаев: Насыя алуу жолдорун дагы жеңилдетүү зарыл


Президент Алмазбек Атамбаев кредиттер боюнча проценттик ченемдерди дагы ылдыйлатуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу өлкө башчысы бүгүн Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алган учурда айтты. Абдыгулов жыл башынан бери өнөр жай, айыл чарба, соода, курулуш, туризм, транспорт жана байланыш тармагындагы, андан тышкары кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы долбоорлорду каржылоо үчүн 3 млрд сом сунушталганы тууралуу маалымат берди. Ал эми насыялар боюнча жогорку проценттик ченем 12% өлчөмүндө белгиленген.

Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына караганда, Кыргызстанда 536 миң активдүү насыя алуучу бар жана насыя алгандардын ар бир бешинчиси кредитин төлөй албай кечиктирип жүрөт. 70 пайыздан көбү аялдар, 60 пайыздан ашыгы жаш үй-бүлөлөр. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG